# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2346-VI "И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2346-VI "И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2346-VI
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11227/edition/885229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2346-VI "И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (11.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83087

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-апрели № 2346-VI

И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун, 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жолдубаева Индира Ырысбаевнаны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Д. Джумабеков
