Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-февралы № 2243-VI "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 25-декабрындагы № 836 токтому) "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Д. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 836 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.12.2017 · № 836 · Күчүн жоготкон
- Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 13.04.2018 · № 39 · Күчүн жоготкон