Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун айрым жоболорунун аткарылышы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-январы № 2209-VI Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун айрым жоболорунун аткарылышы жөнүндө 2017-жылдын жаз айларында Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун айрым жоболорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. "Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдар фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды кабыл албагандыгы, ошондой эле потенциалдуу кооптуу участоктордо социалдык объектилерди курууга жол бергендиги үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан парламенттин жогоруда көрсөтүлгөн токтомунун аткарылышы жөнүндө маселени угууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1805-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI токтомунун 2-пунктунун 15-абзацында каралган тапшырмаларды аткарбагандыгы белгиленген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 24-октябрындагы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы чечимдери толук көлөмүндө аткарылган эмес. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 17-майындагы № 1589-VI, 2017-жылдын 29-июнундагы № 1805-VI токтомдорунда камтылган Ош областынын Өзгөн районунда болгон өзгөчө кырдаалдарды жоюу маселелери боюнча тапшырманын аткарылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 24-октябрындагы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы чечимдеринин аткарылышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын;
- Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл, Бостонг айылдарын таза суу менен камсыздоого жана Өзгөн Кеңеш-Ана-Кызыл автожолунун Жазы суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушун толук аяктоого каражат бөлсүн;
- жаратылыш кыйроолорунан жабыр тарткандар үчүн Ана-Кызыл участогунда бөлүнгөн жерлерди сугат суусу менен камсыздоо жөнүндө маселени 2018-жылдын 1-июлуна чейин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Ош областынын Өзгөн районунун потенциалдуу кооптуу участогуна социалдык объектилерди курууга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2018-жылдын 1-мартына чейин маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча, Бюджет жана финансы боюнча, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага
Д. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.