# 8-статья

- Документ: [О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/83)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-72/edition/972257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики, 8-статья (15.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-8

---

1. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен мамлекеттер аралык эсептешүүлөр боюнча карызды текшерүү жана жөнгө салуу боюнча макулдашуу түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1998-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Улуттук баныкынын мамлекеттик орто мөөнөттүү облигациялар боюнча РЕПО операцияларын жүргүзүү менен байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн 26,8 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын 3-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын 1998-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки жумалык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-7)
