# 5-статья

- Документ: [О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/83)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-72/edition/972257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики, 5-статья (15.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептелген проценттер боюнча карызын кайра структуралаштыруу эсептелген проценттердин суммасынын 70 жана 30 проценттерине, тиешелүү түрдө 1 445 772 306,71 сомго жана 619 000 000,00 сомго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки жөнөкөй векселдерин чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайданын 70 процентин бюджетке которуу тартибинде карызды төлөө үчүн 1 445 772 306,71 сом суммасына жөнөкөй векселди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-6)
