# 4-статья

- Документ: [О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/83)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2010
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 марта 2010 года № 50 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202935)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/83#diff=972257..972258>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-72/edition/972257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О реструктуризации долга Правительства Кыргызской Республики перед Национальным банком Кыргызской Республики, 4-статья (15.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы кредиттер боюнча негизги карызын жана мамлекеттик баалуу кагаздарга кайра жол-жоболоштурулуп коюлган 2 379 629 618,64 сом суммасындагы карызын кайра структуралаштыруу мамлекеттик кайра структуралаштырылган заемунун облигацияларын (мындан ары - МКСЗО) чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. МКСЗО жүгүртүү мөөнөтү жана проценттин ставкасы белгиленбеген мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы учурдагы рыноктук ставкалар боюнча акча-кредит саясатынын максаттары үчүн кыска мөөнөттүү (6 айга чейин) РЕПО операцияларында МКСЗОну пайдаланууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МКСЗО боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына кайрадан жол-жоболоштурулушу мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/83/st-5)
