# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-июнундагы № 2487-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-июнундагы № 2487-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2487-VI
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11114/edition/891852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-июнундагы № 2487-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтому (14.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82294

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 14-июну № 2487-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2018-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерди жүргүзүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
