# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-июнундагы № 2464-VI "Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-июнундагы № 2464-VI "Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2464-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11109/edition/891802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-июнундагы № 2464-VI "Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы тууралуу" токтому (06.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82289

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-июну № 2464-VI Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматы тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы А.А.Токбаеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы А.А.Токбаеванын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1, 18-2 жана 20-1-беренелеринин жоболорун ишке ашырууну камсыздоо;

2) коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча жазык иштерин кароого өзгөчө көңүл буруу менен сот практикасы жана сотторго тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз. Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун жыйналыштарынын үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыздоо;

3) республиканын бардык сотторуна иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча толук чараларды көрүү;

4) коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, сот процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жарандардын укук адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында сот процесстеринин аудио- жана видеопротоколдоо тутумун киргизүү боюнча иштерди тездетсин;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен алименттик милдеттерден качкан адамдарды издөө боюнча өз ара тыгыз аракеттенүүлөрүн уюштуруу;

6) республиканын жарандарына сот тутумунун иши жөнүндөгү маалыматтарды толук жана объективдүү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин интернет-сайттарын өркүндөтүү боюнча иштерди өз мезгилинде жүргүзүү;

7) сот актыларынын электрондук архивин түзүүгө жана жүргүзүүгө каражат кароо.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
