# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2436-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2436-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2436-VI
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11078/edition/889602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2436-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө" токтому (30.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82258

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-майы № 2436-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 22-июнундагы № 399 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
