# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2291-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2291-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2291-VI
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10996/edition/885399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2291-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82174

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-марты № 2291-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-пункттагы "(курамы тиркелет)" деген сөздөр алып салынсын; "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмеги" № 1 тиркемеде:

- 26-пункттагы "жана Афганистан" деген сөздөр алып салынсын;

- 28-пункттагы "Австралия жана Жаңы Зеландия менен" деген сөздөр "Афганистан Ислам Республикасы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "Африка, Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топтору" бөлүкчөсүнүн аталышы "Чыгыш өлкөлөрү" деген сөздөрдөн кийин Австралия жана Жаңы Зеландия" деген сөздөр менен толукталсын;

- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

- "32. Австралия жана Жаңы Зеландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобу.".

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
