Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-марты № 2291-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 2-пункттагы "(курамы тиркелет)" деген сөздөр алып салынсын; "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмеги" № 1 тиркемеде:
- 26-пункттагы "жана Афганистан" деген сөздөр алып салынсын;
- 28-пункттагы "Австралия жана Жаңы Зеландия менен" деген сөздөр "Афганистан Ислам Республикасы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Африка, Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топтору" бөлүкчөсүнүн аталышы "Чыгыш өлкөлөрү" деген сөздөрдөн кийин Австралия жана Жаңы Зеландия" деген сөздөр менен толукталсын;
- тизмек төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
- "32. Австралия жана Жаңы Зеландия менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык тобу.".
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.