# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI "Депутат Бакиров Мирлан Исакбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI "Депутат Бакиров Мирлан Исакбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2093-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10911/edition/1072295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI "Депутат Бакиров Мирлан Исакбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (27.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82089

---

КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-январындагы № 4352-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-декабры № 2093-VI Депутат Бакиров Мирлан Исакбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жабык-жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Бакиров Мирлан Исакбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

төртүнчү абзацтагы "Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна" деген сөздөр "Бакиров Мирлан Исакбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. "Депутат А.С.Өмүрбекованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 393-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
