# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2057-VI "2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2057-VI "2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2057-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10878/edition/879678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2057-VI "2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82055

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-декабры № 2057-VI 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI токтому менен бекитилген 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматы эске алынсын.

2. 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш чаралар планы жаңы редакциясында баяндалсын (тиркелет).

3. Ушул токтомдун аткарылышын жана 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешине жүктөлсүн.

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

А.Кодуранова
