# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2050-VI
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10871/edition/887104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2050-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82048

---

КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-декабры № 2050-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 1838-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренесинин 3-бөлүгүн жана 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Шадиев Аскарбек Алимбаевич - депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна;".

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
