# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2029-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2029-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2029-VI
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10852/edition/879048/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2029-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (30.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-ноябры № 2029-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-сентябрындагы № 621 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 14230326,2 миң сом суммасында экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө жана жыйноо иш милдеттерин жүктөө жөнүндө маселени карасын жана зарыл болсо тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;

адистештирилген медициналык техника менен жабдылган "Медициналык тез жардам" автомобилдерин сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды издеп тапсын; төмөнкүлөрдү регламенттеген бюджетти түзүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын:

- камсыздандыруу корунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин;

- иштеп жаткан камсыздандырылган адамдардын санын аныктоо үчүн мезгил убактысын.

3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тиешелүү мамлекеттик органдарга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук түшүү жана аларды максаттуу багыттар боюнча пайдалануу жаатында, республикалык бюджетке түйшүктөрдү төмөндөтүү максаттарында милдеттүү өз ара аудиттердин жүргүзүлүшүн камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
