Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-ноябры № 2029-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-сентябрындагы № 621 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кирешелер жана чыгашалар боюнча 14230326,2 миң сом суммасында экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө жана жыйноо иш милдеттерин жүктөө жөнүндө маселени карасын жана зарыл болсо тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
адистештирилген медициналык техника менен жабдылган "Медициналык тез жардам" автомобилдерин сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды издеп тапсын; төмөнкүлөрдү регламенттеген бюджетти түзүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын:
- камсыздандыруу корунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин;
- иштеп жаткан камсыздандырылган адамдардын санын аныктоо үчүн мезгил убактысын.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тиешелүү мамлекеттик органдарга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук түшүү жана аларды максаттуу багыттар боюнча пайдалануу жаатында, республикалык бюджетке түйшүктөрдү төмөндөтүү максаттарында милдеттүү өз ара аудиттердин жүргүзүлүшүн камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 27.12.2017 · № 216(21)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 621 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети…Постановление · 28.09.2017 · № 621 · Күчүн жоготкон