# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2019-VI "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2019-VI "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2019-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10843/edition/877884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2019-VI "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (29.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-ноябры № 2019-VI "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 31-октябрындагы № 721 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Жылуулук менен камсыздоо" Ош муниципалдык ишканасынын алдындагы калкка жылуулук энергиясын бергендиги үчүн 105,0 млн. сом суммасындагы карыздын ордун толтурсун;

- КНСтин ордун толтурууга бюджеттен каражаттарды көбөйтүү маселесин карасын;

- Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүнүн оңдоолоруна каражат карасын.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
