# Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1963-VI
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/82001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-10824/edition/877119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/82001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу" токтому (02.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/82001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-ноябры № 1963-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө" № 231 Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 7 жана 8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу колдоого алынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" № 74-IV токтому;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги "1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилөө жөнүндө" № 340-IV токтомунун 1-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
