# 5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/819)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-XII "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 938-XII
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2018 [Закон КР от 22 мая 2018 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111786); 30.05.2017 [Закон КР от 30 мая 2017 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/819#diff=1273555..1273556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-780/edition/1273550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/819/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, 5-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-5

---

Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык. Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:

- он сегиз жашка жете элек же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын гражданы;

- сот тарабынан мыйзамга ылайык иштөөгө тыюу салынган юридикалык жактар.

Массалык маалымат каражаты ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген бир, же бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын юридикалык жактар жана граждандар менен бирге массалык маалымат каражаттарын түзүүсүнө жол берилбейт. (КР 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-6)
