# 23-статья. Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/819)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-XII "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 938-XII
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О мерах по предупреждению причинения вреда здоровью детей, их физическому, интеллектуальному, психическому, духовному и нравственному развитию в Кыргызской Республике", "О средствах массовой информации")](https://aqlex.ai/kg/doc/112655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О мерах по предупреждению причинения вреда здоровью детей, их физическому, интеллектуальному, психическому, духовному и нравственному развитию в Кыргызской Республике", "О средствах массовой информации")](https://aqlex.ai/kg/doc/112655); 04.01.2017 [Закон КР от 4 января 2017 года № 1 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О средствах массовой информации", "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111508); 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 69 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205291)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/819#diff=1273557..1273558>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-780/edition/1273550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/819/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, 23-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-23

---

Массалык маалымат каражаттарында:

а) мамлекеттик сырларды жана коммерциялык сырды ачууга;

б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;

г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;

д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;

ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;

и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.

л) балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2017-жылдын 4-январындагы № 1, 2023-жылдын 9-августундагы № 176 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-24)
