# 20-статья. Журналисттин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/819)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-XII "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 938-XII
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-780/edition/1273550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/819/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, 20-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-20

---

Журналист:

- кабарларды чогултууга жана таркатууга;

- кесипчил журналисттик милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынууга;

- кабарлоочунун макулдугу менен маалыматтарды жазууга, анын ичинде зарыл техникалык каражаттар менен жазып алууга;

- журналисттик күбөлүгүн көрсөтүү менен табигый кырсыктар болуп өткөн жерлерде болууга, митингдерге, демонстрацияларга катышууга;

- келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга;

- өзүнүн ынанымына карама-каршы келген материалды түзүүдөн жана кол коюудан баш тартууга;

- редакциялык даярдоонун жүрүшүндө өз пикири боюнча мааниси бурмаланды деп эсептеген материалга кол койбоого;

- эгерде ал мыйзамды бузуу менен байланыштуу болсо, редактор тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга;

- автордук сырды сактоого;

- журналист берген автордук материалды өз эркинче бурмалоо менен редактор тарабынан келтирилген моралдык жана материалдык зыяндардын ордун сот тартибинде толтуруп алууга укуктуу.

- маалымат берген адамдардын авторду көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүнө канааттандырууга милдеттүү.

V глава Массалык маалымат каражаттары жагындагы эл аралык кызматташтык

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-21)
