# 17-статья. Чындыкка ылайык келбеген массалык маалыматты жокко чыгаруу укугу

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/819)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-XII "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 938-XII
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-780/edition/1273550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/819/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, 17-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-17

---

Граждан же уюм массалык маалымат каражаттарынын чындыкка ылайык келбеген же өз ар намысына, кадыр-баркына шек келтирүү менен жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу. Аларга карата мыйзамдуу укугун жана таламдарын кыскан маалыматтар массалык маалымат каражатында жарыяланган граждандар жана уюмдар өз жоопторун ошол эле массалык маалымат каражатына жарыялоо укугуна ээ. Жокко чыгаруу же жооп атайын рубрикада же болбосо жокко чыгарылып жаткан билдирүү жарыяланган тилкеде ошондой эле шрифт менен; газеталарда - талап келип түшкөн күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, мезгилдүү башка басып чыгарууларда - кезектеги чыгарылышында жарыяланат. Жокко чыгарууну жарыялоодон баш тартылган учурда ишке тиешеси бар тарап сотко кайрылууга укуктуу. Массалык маалымат каражатынын органы чындыкка жатпаган жана өз кызматкерлеринин ар-намысына же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтардын Мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөлүшүнө жетишүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-18)
