# 1-статья. Массалык маалымат каражаттары

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/819)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 938-XII "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 938-XII
- Кабыл алынган күнү: 02.07.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2018 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2018 [Закон КР от 22 мая 2018 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111786); 30.05.2017 [Закон КР от 30 мая 2017 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111604)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/819#diff=1273555..1273556>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-780/edition/1273550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/819/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө, 1-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-1

---

Мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу газеталар, журналдар, аларга тиркемелер, альманахтар, китептер, бюллетендер, калкка таратууга арналган, туруктуу аталышы бар бир жолку басылмалар, ошондой эле телерадиоканалдар, кино жана көрсөтмө студиялар, мамлекеттик органдар, маалымат агентстволору, саясий, коомдук жана башка уюмдар жеке адамдар тарабынан чыгарылуучу уктурма жана көрсөтмө жазылмалар менен программалар массалык маалымат каражаттарына таандык кылынат. Массалык маалымат каражаттарын цензурлоого жол берилбейт. Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт. Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телерадио берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт. Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат. (КР, 2017-жылдын 30-майындагы № 94, 2018-жылдын 22-майындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/819/st-2)
