# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 205
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2365/edition/931611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (13.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81245

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-ноябры № 205 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 184-б буйругу менен Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Алдеев Руслан Келдибекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 30-ноябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
