# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2362/edition/921956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (02.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81242

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 2-ноябры № 202 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 63 буйругу менен Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Капарбеков Сталбек Абдразакович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 29-октябрындагы № 95 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Асакеев Алманбет Иманович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 222-б буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Дубанаев Алмазбек Жылкыбаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 95 буйругу менен Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенгельдиев Бакыт Камалидинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.Конурбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
