# Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 176 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 176 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2336/edition/937038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 176 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (17.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81216

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 17-сентябры № 176 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жалал-Абад, Жумгал, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Б.С.Алдосованын, К.Т.Талканбаевдин, А.И.Ашырбаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алдосова Бактыгул Садыбакасовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Батыралиева Динара Акназаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Туран" демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Талканбаев Кооман Турсалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтоназарова Жаңыл резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ашырбаева Алтынай Илепесовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Салманова Бактыгуль Абдырахмановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А.Коңурбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
