# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштер боюнча Эксперттик комиссиясы жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштер боюнча Эксперттик комиссиясы жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2322/edition/896983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштер боюнча Эксперттик комиссиясы жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому (13.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81202

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-августу № 162 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштер боюнча Эксперттик комиссиясы жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 160 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын Борбордук эксперттик комиссиясы жөнүндө" болжолдуу Жобосунун негизинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 7, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Эксперттик комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архивдик иштер боюнча Эксперттик комиссиясы жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Эксперттик комиссиясы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 93 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
