Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 „Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-июлу № 155 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна, саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. 2018-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаардык кеңешинен 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүдө, саат 9-00дөн 12-00гө чейин деген убакыт чектөөсүн алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча кайрылуу келип түшкөн., "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, "Бишкек шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнүн ушул берене менен жөнгө салынбаган тартиби Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти менен аныкталат". Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрында № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинде бекитилгендей, Бишкек шаарынын мэри Бишкек шаардык кеңешинин чакырылган мөөнөтүнө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Сессиянын иштөө убактысы саат 9-00дөн 18-00гө чейин деп аныкталган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, "Борбордун статусу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттагы "12-00" деген цифралар "18-00" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом Бишкек шаардык кеңешине жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону…Постановление · 23.07.2018 · № 150
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Бишкек шаардык кеңештинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 "Бишкек шаардык кеңештин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2012 · № 2
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шаардык кеңештин Регламенти (Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме)Регламент · 28.12.2012 · № 2