# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 151 "Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 151 "Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2311/edition/896605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 151 "Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (23.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81191

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-июлу № 151 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 20-июлундагы № 230 буйругу менен Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбеков Турдумамат Мамасалиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
