# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2310/edition/896758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (31.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81190

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-июлу № 150 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө (КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 31-июлундагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-июлундагы № 487 буйругу менен Бишкек шаарынын мэри Ибраимов Албек Сабирбекович, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген "Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

(КР Борборшайлоокомунун 2018-жылдын 31-июлундагы № 155 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
