# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2299/edition/896505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (04.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81179

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-июлу № 139 Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 3-июлундагы № 450 буйругу менен Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген "Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
