Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2018-жылдын 20,22-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Кочкор районунун Ак-Кыя, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 27-июну № 133 2018-жылдын 20,22-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Кочкор районунун Ак-Кыя, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 1, 5-июнундагы № 112, № 117 токтомдор менен 2018-жылдын 20, 22-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Кочкор районунун Ак-Кыя, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Ат-Башы, Кочкор жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Докоев Руслан Усенович табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Турдубеков Тилек Рысбекович табылсын.
3. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бейшеналиев Бакыт Курманбекович табылсын.
4. Ат-Башы, Кочкор жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 1-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун…Постановление · 01.06.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 5-июну № 117 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын…Постановление · 05.06.2018 · № 117