Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«2018-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 14-июну № 119 2018-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24 жана 26-майындагы № 105 жана № 109 токтомдор менен 2018-жылдын 11-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын шайланган мэри болуп Тагаев Мураталы Абдыкарович табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абдукаримов Алмаз Абдылазович табылсын.
3. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сыдыков Бакытбек Дамирбекович табылсын.
4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сагынбаев Рамис Алымбекович табылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 26-майындагы № 109 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун…Постановление · 26.05.2018 · № 109
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майы № 105 "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн…Постановление · 24.05.2018 · № 105