# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 1-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 1-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2271/edition/876304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 1-июнундагы № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (01.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81150

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-июну № 112 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2018-жылдын 28-майындагы № 07-б буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Исираилов Зарылбек Абасович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2018-жылдын 28, 2.9 жана 31-майында жаңыдан шайланган Нарын облусунун, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө", "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэрин, Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя, Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 20-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
