# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 83 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 83 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2243/edition/875992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-апрелиндеги № 83 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (24.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81122

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 24-апрели № 83 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 93 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан депутат Омурбекова Алтынай Сейтбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Омурбекова Алтынай Сейтбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Омурбекова Алтынай Сейтбековнанын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
