# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-апрелиндеги № 73 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-апрелиндеги № 73 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2233/edition/875153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-апрелиндеги № 73 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (04.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81112

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-апрели № 73 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

С.Т.Абдурасуловдун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө" 2018-жылдын 30-мартындагы № 68 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Туран" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдурасулов Сталбек Токтомуратович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Туйчиева Зулхумар Юлбасовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акунов Кенеш Жасынович, Болотбеков Кубанычбек Маданович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А.Конурбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
