Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Панфилов районунун Вознесеновка, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-марты № 56 Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Панфилов районунун Вознесеновка, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 38 токтому менен 2018-жылдын 13-мартына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 38 токтому менен 2018-жылдын 16-мартына дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 41 токтому менен 2018-жылдын 17-мартына дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 42 токтому менен 2018-жылдын 17-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Кемин, Панфилов, Кочкор, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 13-мартындагы Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ибраимов Таштанбек Сарсеитович табылсын.
2. 2018-жылдын 16-мартындагы Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Аманкулов Эмир Бактыбекович табылсын.
3. 2018-жылдын 16-мартындагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абакиров Рахатбек Болотбекович табылсын.
4. 2018-жылдын 17-мартындагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.1. Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.2. Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Айткулов Асилбек Эсеналиевич табылсын.
5. 2018-жылдын 17-мартындагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Байгазаков Бактыбек Токтосунович табылсын.
6. Кемин, Панфилов, Кочкор, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 38 "Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Кемин…Постановление · 27.02.2018 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 41 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат…Постановление · 03.03.2018 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 42 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн…Постановление · 03.03.2018 · № 42
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон