# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 49 "Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 49 "Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2209/edition/873277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 49 "Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (13.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81087

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-марты № 49 Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-февралындагы № 37 токтому менен 2018-жылдын 7-мартына дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү. Жайыл, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 7-мартындагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын шайланган мэри болуп Шабданов Данияр Автандилович табылсын.

2. 2018-жылдын 7-мартындагы Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

2.2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын шайланган мэри болуп Асаналиев Ракматилда Алпаязович табылсын.

3. Жайыл, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиялары шайланган мэрлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
