# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 42 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 42 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2202/edition/872842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 42 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (03.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-марты № 42 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2018-жылдын 2-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 17-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
