# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Калмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Калмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2169/edition/871785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Калмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (19.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81047

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-январы № 9 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Калмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө "Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Калмаматов Жыргалбек Айтиевич каза болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстан" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Калмаматов Жыргалбек Айтиевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Калмаматов Жыргалбек Айтиевичтин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
