# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Т.Бабановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Т.Бабановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2168/edition/871783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Т.Бабановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы жөнүндө" токтому (19.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81046

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-январы № 8 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Т.Бабановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы жөнүндө "Республика - Ата Журт" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бабанов Омурбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Бабанов Омурбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктары 2018-жылдын 19-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бабанов Омурбек Токтогуловичтин депутаттык күбөлүгү 2018-жылдын 19-январынан тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
