# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 558 "2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 558 "2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2158/edition/871091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 558 "2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-декабры № 558 2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун аккредитация жөнүндө сунушун эске алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн массалык маалымдоо каражаттары аккредитациялансын.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Бекматовго жүктөлсүн.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 558 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга аккредитациядан өтүү үчүн документтерин толук тапшырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ТИЗМЕСИ

Басылмалар

1

Общественная независимая газета "Весть"

2

"Таш-Көмүр жарчысы"

Телевидение

3

"НТС"

4

"3 Канал"

5

"Next TV"

Радио

6

"Татина"

7

"Next FM"
