Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 28-ноябры № 537 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 3 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууну даярдоо жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 3 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө"…Указ · 27.11.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон