# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 555 "2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 555 "2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2152/edition/870934/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы № 555 "2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө" токтому (20.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-декабры № 555 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча Жалал-Абад облусунун Аксы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын; Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын; Ош облусунун Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын; чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 13 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
