# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/81019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2143/edition/870828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/81019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/81019

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-декабры № 546 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Ата Мекен" саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Гайпкулов Искандер Торобаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Гайпкулов Искандер Торобаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
