Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечиминин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесиндеги кээ бир талапкерлерди алып салуу бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-ноябры № 536 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечиминин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесиндеги кээ бир талапкерлерди алып салуу бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 69 чечими менен 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга "Республика - Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечими менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына "Республика - Ата Журт" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө түшкөн сунуштамасынын жана арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлер алып салынып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 69 чечиминин кээ бир талапкерлерди каттоо бөлүгү жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечимине Шарапов Закир Эшматович сот тартибинде даттанган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 22-октябрындагы № 5-2222/15 ЖИ токтому менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечими мыйзамсыз деп табылып, "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесинен Абжалиевди А.Т. (№ 19) жана Шараповду З.Ш. (№ 67) алып салуу бөлүгү жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренеси менен Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44, 45-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 69 чечиминин кээ бир талапкерлерди каттоо бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлерди алып салуу жөнүндө" № 154 чечиминин Шарапов Закир Эшматовичти "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгү жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2013 · № 105 · Күчүн жоготкон