# 3-статья. Товар биржасынын негизги иши

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2020 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112020)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998047..998048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 3-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-3

---

Товар биржасынын негизги иши төмөнкүдөй:

1) чарба жүргүзгөн субъекттердин ортосунда биржа далдалчыларынын катышуусу менен биржа соодасына шарт түзүү;

2) биржа соода-сатыгын (биржа жыйналыштарын) өткөрүү, биржа товарларынын ажатын жана керектөөсүн аныктоо;

3) товарларга баа бычуу, башкача айтканда, керектөө менен муктаждыкты эске алып товардын баасын аныктоо жана бүтүм түзгөндө сатармандар менен алармандар үчүн мөлчөр катары аларды белгилүү бир мөөнөткө же датага чейин өзгөртпөй кармап туруу;

Биржа соода-сатыктарынын натыйжалары боюнча жыйынтыктоо протоколуна ылайык биржа товарынын баасы акыркы болуп саналат. Жыйынтыктоо протоколуна жана сатып алуу-сатуу келишимине ылайык товардык-чийки заттык биржанын соода аянтчасында түзүлгөн тараптардын ортосундагы бардык өз ара эсептешүүлөр товардык-чийки заттык биржанын эсептешүү-клирингдик эсеби аркылуу гана жүзөгө ашырылат;

4) биржа бүтүмдөрүн каттоо;

5) биржа операциялары боюнча талаштарды чечүү;

6) товар жүгүртүүнү жана ага байланышкан соода операцияларын изилдөө, тартипке салуу жана жеңилдетүү, атайын бюллетендерде бааларды жарыялоо.

(КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-4)
