# 16-статья. Товар биржасынын уставы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2009 года № 208 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Республике Кыргызстан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203176)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998046..998047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 16-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-16

---

Товар биржасы товар биржасынын уюштуруучуларынын жалпы чогулушу бекитүүчү уставдын негизинде аракеттенет. Товар биржасынын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) уюштуруучулардын курамын, уставдык фондунун өлчөмүн, биржа тарабынан түзүлүүчү башка фонддордун тизмесин;

2) товар биржасынын аталышын, турган ордун, анын түрүн;

3) биржа мүчөлүгүнө кабыл алуунун, мүчөлүктү токтотуунун, болтурбоонун тартибин, биржа мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин;

4) товар биржасын башкаруу органдарынын түзүлүшүн жана укуктарын жана аларды түзүүнүн тартибин;

5) коммерциялык сырды түзүүчү маалыматтардын курамы жана көлөмү;

6) биржа соода-сатыгынын эрежелерин иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун, бүтүмдөрдү каттоонун жана алар боюнча эсептешүүнүн тартибин;

7) кирешени пайдалануунун, чыгашанын ордун жабуунун тартибин;

8) биржадагы эсеп-кысаптын, отчеттун тартиби;

9) биржаны уюштуруучулардын жана анын мүчөлөрүнүн мүлк боюнча жоопкерчилигин;

10) биржа кеңеши белгилеген жазаны колдонууну жана ал боюнча даттануунун тартибин;

11) товар биржасын кайра уюштуруунун жана жоюнунун тартибин.

Уставда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка эрежелер да каралышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-17)
