# 13-статья. Товардык биржанын мүчөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001299)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 37 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001299); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 208 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Республике Кыргызстан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203176)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998048..2550>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 13-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-13

---

Юридикалык жактар жана биржа мүчөлүгүнө кабыл алынган, кирүү мүчөлүк акысын төлөгөн жана товардык биржанын уставын сактаган жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар товар биржасынын мүчөлөрү боло алышат. Товар биржасынын мүчөлөрү ошол же башка товар биржасынын кызматкерлери же ошол товар биржасына мамилеси боюнча аффилирленген жактар боло алышпайт. Товар биржасынын мүчөлөрү анын уставына жана ички биржалык ченемдик актыларына ылайык биржа соодасына катышууга укугу бар. Товар биржасынын мүчөлөрү өзүнүн биржа соодасына катышуу укугун убактылуу пайдалануу үчүн бир юридикалык жакка же жаранга үчүнчү жакка берүү укугусуз, келишим боюнча берүүгө укуктуу. Биржа соодасына катышуу укугун ижаралоо келишими товар биржасында катталууга тийиш. Биржа соодасына катышуу укугун субарендага берүүгө тыюу салынат. Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу. Товар биржасынын мүчөлүгүнөн ыктыярдуу чыкканда, чыгарылганда же биржа жоюлганда товар биржасына мүчөлүк токтотулат. (КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2024-жылдын 7-февралында N 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-14)
