# 11-статья. Товар биржасын уюштуруу (түзүү) жана анын уюштуруучулары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2020 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112020)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998047..998048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 11-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-11

---

Уюштуруу келишимин, уставдык фондду түзүүчү юридикалык жактар жана жарандар (жеке жактар), анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары товар биржасынын уюштуруучулары боло алышат. Товар биржасы уюштуруучулук-укуктук түрдө - акционердик коом (мындан ары - коом) болуп түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат. 3500000 сомдон кем эмес болгон уставдык фондду каттоодо коомдун өзүнүн каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ар бир акционер (уюштуруучу) коомду каттаган учурдан тартып 3 жылдын ичинде акцияларды уюштуруучулук чыгарууга акы төлөө үчүн коомдун сарптоолорун сатып алууга (ордун толтурууга) милдеттүү. Бул милдеттемени аткарбаган акционер (уюштуруучу) автоматтык түрдө уюштуруучу (акционер) болуусун токтотот, ал эми коом бул акцияларды езүнө кайра жол-жоболоштурууга жана бөлүштүрүлгөн акцияларды коом сатып алган учурдан тартып 12 айдын ичинде адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сатууга, өткөрүп берүүгө (Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча) милдеттүү. Акцияларды уюштуруучулук чыгарууну каттоодо (акысынтөлөөдө) товар биржасынын ар бир уюштуруучусунун уставдык фонддогу үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш. Андан ары акцияларды уюштуруучулук чыгаруунун акысын мөөнөтүндө төлөгөн кандай гана болбосун акционер баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды чексиз санда сатып алууга укуктуу. (КР 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-12)
